Элет аялдары чакан бизнесте: Жазгүлдүн таттуу бизнеси.

 

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылынын тургуну Жазгүл Досбаева бир четинин үй кожейкеси болсо, экинчи четинен бизнесвумен. Ал 10 жылдан бери кондитердик шириндиктерди жасайт. Тойлорго, туулган күн кечелерге тортко буюртма алат. Жазгуль эже тортторун кечинде жасап, күндүзү үй жумуштарын кылат.

Ар бир торттун өз-өзүнү жараша баасы болот. 250-500 сомго чейин . Бул ишти баштаар алдында окшотуп, окшото албай кыйналганын айтат. «Рецептинен, граммынан адашкан күндөр болгон» – дейт. Жаны гана иш баштаганда колдоо керек болгонун, каржылоо жактан кыйынчылык болгонун айтат.

Бир күндө 10-20 га чейин торт жасап чыгарат. Сезондо көп иштегенге туура келээрин, 50гө чейин торт чыгараарын айтат. Той кечелер менен гана чектелбей, базардагы ири дүкөндөр менен келишим түзүп иштеп келет.

Бул кесипти өзү кызыгып тандаган, айыл жергесинде бул кесипти тереӊдетип, кыз-келиндерге үйрөтсөм дейт. Кондитердик фабрика ачып, аз сандуу адам болсо да, жумуш менен камсыз кылууну ойлоп жүрөт.

Айтурган Кочорова,

Кызыл-Ай айылы, 2017 жыл

При обнаружении ошибки в тексте, просим сообщить, выделив текст и перейдя по ссылке.

Поделиться в соц. сетях

Опубликовать в Facebook
Опубликовать в Google Buzz
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс

Комментарии

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


*

1 Star2 Stars3 Stars4 Stars5 Stars (нет голосов)
Loading...Loading...