Болгону 2500 сом…

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылынын тургуну Мырзамомунова Жибек 65 жашта. Ал 30 жылдан бери мектептин короосун шыпырып эмгектенет. Айлык маянасы аз экенине нааразы. «Айлык аз болгону 2500 сом, эч нерсеге жеткирүүгө болбойт, азык-түлүк, кийим кечек баары кымбат», — деп айтат. Айлыгын алганга чейин карызы көбөйүп кетет. Окуучулар 9 ай окуп, 3 ай каникулда болсо, Жибек эже толук 12 ай иштейт. Ошончо көп иштесе да айлыгы аябай аз. «Биздин жашообуздун эӊ жөнөкөй талаптарына айлык акыбыз эч жооп бербейт», — дейт. Жакында ундун баасы 1300 сом болгонун айтат, кышкыга көмүр алынышы керек»- дейт. Кыштын 1 айына 1200-1500 сомдук көмүр кетээрин айтып тынчсызданат. Айлык акысы көтөрүлөөрү белгисиз. Мамлекттен үмүтү үзүлгөн Жибек эже 5-6 жылдан бери болгону 2500 сом айлык менен жашап келет.

Көрүнбөгөн акы төлөнбөгөн үй иштердин бардыгы аялдардын мойнунда. Такай иштеп туруп Кыргызстандын көбүнчө аялдары ушундай төмөн суммада айлык алып турганда, кыргыз аялдын коомдук жана саясий жашоого жолу абдан татаал жана узун болот десем жаӊылышпайм. Колу үй-чарба-бала менен байланып турган, акысы төмөн болгон оор иш менен байланып турганда, эч бир аял башып көтөрүп өзүн эркин сезип, өзүнүн же башка аялдардын таламын талашып саясий жолго түшө албайт, тилекке каршы…

Айтурган Кочорова,

Кызыл-Ай айылы, 2017 жыл

При обнаружении ошибки в тексте, просим сообщить, выделив текст и перейдя по ссылке.

Поделиться в соц. сетях

Опубликовать в Facebook
Опубликовать в Google Buzz
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс

Комментарии

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


*

1 Star2 Stars3 Stars4 Stars5 Stars (нет голосов)
Loading...Loading...