Феминизм тууралуу

Кыргызстанда турмушка чыга элек аялдар турмушка чыккан аялдарга караганда өздөрүн бактылуу сезишет.
Бул тууралуу 16 декабрда МИКО (многоиндекаторные кластерные обследования) жыйынтыктары боюнча уюштурулган тегерек столдо белгилуу болду. МИКО изилдөөсү 2014 жылы өткүрүлүп, Кыргызстандын бүтүн аймактарын камтыган.
Бул изилдөөгө караганда турмушка чыккан айымдардын 95,7% жашоосуна ыраазы болсо, турмушка чыга элек айымдардын 96,6% жашоосуна канааттанат экен.
Албетте, бул эки респонденттер тобунун пайыздык көрсөткүчүндөгү айырмачылык көп эмес, болгону бир пайыз, бирок, менин оюмча, бул сурамжылоону жылдан-жылга өткөрө беришсе жашоосуна канааттанган турмушка чыккан айымдардын турмушка чыга элек айымдарга карата пайыздык үлүшү азая бермекчи. Дегеле бул бир пайыздык айырмачылыктын жаралганын аял затынын күнүмдүк тиричиликтеги социалдык позициясын өзгөрткөндүгүнө байланыштыргым келет.
Кечке маал жанылыкты окуган соң эмне учун мындай тенденция пайда болду деп ойлоно баштадым. Мен үчүн табияттын мыйзамдарынын бири бузулуп жаткандай сезилди. Кантип аял-киши өзүн үй-бүлөдөн сырткары бактылуу сезсин? Же үй-бүлө институту мурдагыдай бекем, туруктуу болбой калдыбы?
Биринчиден, адам заты социадлык жан, баарыбызды тууган-тушкан, дос-курбу, жакын адамдарыбыз курчап турат. Алардын бири үйлөнүп, экинчиси турмушка чыгып, үчуүнчүсү бала күтсө, арасында ажырашканга да жетишкендер жок эмес. Статистикага таянсак ажырашуулурдын 40% үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы 4 жылына туура келет экен. Биздин эле агаларыбыз жана эжелерибиз, көбүнчөсү Совет Союзу кулаган соң, орустар айткандай «лихие 90-ые» жылдарында туулгандар. Кээде таң каласын, кантип жаны үй-бүлө куруп, жашап-жашабай туруп ажырашып кетишет. 90-чу жылдары көз жарган жарандарды «жоголгон муун» («потерянное поколение») деп атап кетмекмин. Үй-бүлөлөрүн багуу учун аталары Россияга кетип, апалары талаада иштеп үй-бүлөдөгү тартип, мамиле, эркек киши менен аял кишинин милдеттери жана орду кандай экендигин билбей чонойгондор. Жаштар арасында ажырашуулар санынын көптүгүн мен ошол маалдагы массалык эмгек миграциясынын кесепети катары белгилейм.
Экинчиден, белгилеп кеткендей, бизди курчаган адамдардын арасында бири болбосо бири ажырашкан же эң эле болбоду дегенде, айрыкча аял затына тиешелүү, үй-бүлөдө зордук-зомбулукка душаар болгондор бар. Ыйлап-сыктап кантип көзү көгөрүп, кабыргасы сынганын айтып берсе үрөйөн учуп, мындан көрө турмушка чыкпай эле аман-эсен, тынч жашайын деп калат экенсин. Көптөгөн эркектердин аялдарына кылган серт мамилелерин уялбай, намыстанбай туруп Ислам дининде боло берет дегеничи. Чынында ошол эркектер мен үчүн Ислам дининин душмандары. Ырайымсыз ой, кыймыл-аракет, сөз эч качан Ислам динине туура келген эмес. Аял затынын пикир бөлүшүү, билим алуу, иштөө укугу бийик тутулчу. Эркиндик, демократия деп көптөгөн эл аралык донорлорун акчаларын жедикпи, эмнеге демократиянын негиздерин коомдо колдоно албайбыз? Эмнеге аял-затка карата ур-токмок дале коомдо акталып келет?
Үчүнчүдөн, үй-бүлө куруу панацея эмес экендигин баарыбыз эле тушунуп калдык окшойт. Мурун үй-бүлө түшүнүгү түбөлүктүүлүк менен барабар болчу. «Алар үйлөнүштү» десе «жакшы, демек үйгө ырыскы, берекет келет экен» деп кабыл алышчу, «ажырашыптыр» деген сөз уят же мыйзамсыз бир иш жасап койгондой эле кабыл алынчу. Азыр жаштар өздөрү эмнеге мындай жооптуу кадам таштап жаткандарын билишпейт, ажырашуу да оңой, бир мүнөттө чечилчү маселе болуп калды. Үй-бүлө түшүнүгү моралдык баалуулугун жоготуп бараткандай.
Оюмду жыйынтыктап кетсем, аял киши кичине сөз кылса эле «ааа, демек бул феминист экен» дешет.
Урматтуу агайлар, агалар, аталар, эркектер! Ооба, биз феминистпиз. Сидердин укугунуздарды тебелөө үчүн эмес, сиздердин намысыныздады кемсинтүү үчүн эмес, сиздер менен тен тайлашып жарышуу үчүн эмес, сиздердин ордунуздарды ээлөө үчүн эмес. Биз феминистпиз, күнүмдүк жашоодо дуушар болгон кыйынчылыктарды женүү үчүн, өз ордубуз үчүн күрөшүү үчүн, зордук-зомбулукка жол бербөө үчүн, татыктуу билим алып иштөө үчүн, коомдун татыктуу жараны болуу үчүн. Өлкөнүн өнүгүп өнүкпөгөнүн билуу оңой, коомдо эркек менен аялдын орду кандай жана коомдо аялга кандай мамиле кылынат, ушул эки көрсөткүчкө карап эле баарын билип алуу болот. Өнүккөн мамлекеттерде аял кишинин укугу тепселенбейт, аял киши мамлекеттин жараны катары, коомдун керектуу бир бөлүгү катары кабыл алынат. Ошону үчүн аял затын опузалап, кан жалатып уруп-токмоктоп, каалаганда талак берип, каалаганда кайра үйгө ээрчитип келип, 8-мартта гана аял затынын маанилүүлүгүн эстеп куттуктабай, бир аз болсо да аял затына аёо мамиле кылсаныздар.feminism-is-humanism

При обнаружении ошибки в тексте, просим сообщить, выделив текст и перейдя по ссылке.

Поделиться в соц. сетях

Опубликовать в Facebook
Опубликовать в Google Buzz
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс

Комментарии

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


*

1 Star2 Stars3 Stars4 Stars5 Stars (нет голосов)
Loading...Loading...